“Орус тилинен тантык которулган”. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

«Балээнин баары Баш мыйзамда жана анын башаламандыгында турат. Кыргыздар «Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет» деп айтат. Акыркы Конституция кыргыз тилинде жазылды дешкен, бирок биз орус тилинен тантык которулган каталарды тизмектеп жазып койдук. Ким керек десе, ошого берели. Баш мыйзамды популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп калган.

Бүгүн Баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Ошол үчүн Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар», — деди Самыйкожо.

samyjkozho 1024x533 1 "Орус тилинен тантык которулган". Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды