Мугалимдерди кемсинткендерге айып салынбай турган болду

Мугалимдерди кемсинткендерге айып пул салынбайт. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экинчи окууда ата-энелерди айып пул жана камакка алуу менен жазалоо нормасы мыйзам долбоорунан алынып салынды. Болгону эскертүү гана калды.

Мыйзам долбоорунун дагы бир автору Мирлан Самыйкожо физикалык жана юридикалык жактарга айып пул бар карлтырылганын белгиледи. “Кээде бейтааныш адамдар класска кирип келип, мугалимди кемсинтишет. Ошондуктан, бул норманы сактап калдык”, – деп түшүндүрдү ал.

Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

2022-жылдын февраль айында депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, ага ылайык, окуучунун ата-энесине мугалимдерди кемсинткендиги үчүн айып пул салынат, ал эми кайталанса административдик камакка чейин жазага тартылышы мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.