Он айда “Кумтөр голд компани” ишканасынан мамлекетке 28,7 млрд. сом түштү

Ушул жылдын он ай аралыгында (январь — октябрь) “Кумтөр голд компани” ишканасынан мамлекетке 28,7 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров айтып берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жалпы сумманын ичинен 25 миллиард 486 миллион сому — салыктык төлөмдөр.

“Калган сумманы социалдык төлөмдөр, компаниянын “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна”, жаратылышты коргоо фонддоруна, долбоорлорго бөлгөн каражаты түзөт”, — деди Кочкоров.