Маданият мамлекеттин күрөө тамыры, – Мирлан Самыйкожо

Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Маданиятсыз мамлекет болбойт. Байрагыбызды башка мамлекеттерге желбирете турчу көп нерсебиз бар: бири маданият болсо, бири спорт. Үчүнчүсү билим берүү тармагы. Маданият кызматкерлерин жалпы кесиптик майрамы менен куттуктайм! Бүгүнкү күн тартибине маданият ишмерлерин түштөн кийинкиге болсо дагы министр менен чакырып, жылуу сөз айтып койбойлубу»,-деди депутат.

Кошумчалай кетсек, 2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы сахналаштырылган. 

Бул датаны эске алып 1995-жылы 28-июлда кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган. Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт.