Канат Исаев Бишкектеги СИЗО-1ге бир айга камалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Белгилүү болгондой, саясатчы бир айга камакка алынган.

Мурдараак маалымдалгандай, Асия Сасыкбаева, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Эрлан Бекчороев, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жеенбеков, Чыңгыз Капар, Али Шабдан, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Атай Бейшенбек, Бектур Асанов жана Рита Карасартова 48 саатка камалганы айтылган.