Депутат Мурадил Сыдыковдун жубайы быйыл 26 млн сомго тендер утуп алган

Жогорку Кеңештин депутатынын жубайына таандык «MS Building» курулуш компаниясы быйыл жалпы суммасы 26,4 миллион сомдук курулуш тендерлерин утуп алган. Бул тууралуу маалыматты Factcheck.kg басылмасынын журналисттери аныкташты.

Маалым болгондой, мурда бул бизнес Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Мурадил Сыдыковдун атына катталган болчу.  Учурда фирма анын жубайына таандык.

Белгилей кетсек, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аткаминерлердин жана депутаттардын туугандарына тендерлерге катышууга, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жараянына кийлигишүүгө тыюу салынат.

Компания тууралуу эмне белгилүү?

Компания ишмердүүлүгүн 2007-жылы баштаган. Расмий документтер боюнча ал “турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу” менен алектенет. Компаниянын сайты жана коомдук тармактарда расмий баракчасы да жок.

Osoo.kg маалыматтар базасы боюнча, учурда фирма Айзу Кубулбековна Токтосуновованын атына катталган. Компаниянын директору болуп анын бир тууганы Ренат Кубулбекович Урдолетов көрсөтүлгөн. Мурда компаниянын негиздөөчүсү жана директору депутат өзү болгон. Компания кайра каттоодон 2022-жылдын 19-июлунда өткөн (депутат болсо антты 2021-жылдын 29-декабрында эле берген болчу).

MS Building компаниясы жыл сайын ири суммадагы тендерлерди утуп келет. Мисалы, компания 2017-жылы 188 млн сомго келишимдерди түзгөнгө жетише алган.

Мурадил Сыдыков 2021-жылдын декабрында “Ынтымак” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Ал эми 2022-жылы жубайы жетектеген компания 26 млн сомдук тендерлерди утуп алган.

Компания баарынан көп Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкекжарыктын, Бишкекжылуулуктармагынын тендерлерин утуп келет.

Мыйзам эмне дейт?

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 6-беренеси боюнча, аффилирленген жактарга (аффилирленген жак – саясий мамлекеттик кызматты, саясий муниципалдык кызматты, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жана берүүчүнүн же консультанттын уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон анын жакын туугандары же жакын адамдар – ред. түш.) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун бардык этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы чечимдерге кандайдыр бир таасирин көрсөтүүгө тыюу салынат.

xmuradil sydykov 2.jpg.pagespeed.ic .QLE4r0KFXH Депутат Мурадил Сыдыковдун жубайы быйыл 26 млн сомго тендер утуп алган

Мурадил Сыдыков тууралуу эмне белгилүү?

Мурадил Сыдыков мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. 2021-жылы биринчи жолу парламенттин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүп, 6 миңден ашык добуш алып “Ынтымак” партиясынан депутат болгон.

Тыянак: Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун жубайынын компаниясы мамлекеттик тендерлерди утуп алууда, бул “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын нормаларына каршы келет. Экинчиден, депутат коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүп келүүдө жана компаниянын негиздөөчүсү болуп саналат, бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелет. Үчүнчүдөн, депутат жол эрежелерин бузуп, жазапулдарды төлөбөй келет.