Бактыбек Сыдыков келбеген депутаттар үчүн баскычтарды баскан

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынды.

Парламенттин тиешелүү токтом долбоору эл өкүлдөрүнүн добушуна коюлуп, аны 43 депутат колдоп, 16сы каршы экенин билдирди.

Добушка коюлганда 0:13 секундунда (жогорку сол бурчунда) “Ата-Журттун” лидери Бактыбек Сыдыков (Үсөн Сыдыковдун уулу) жок депутаттар үчүн баскычтарды басып жатканын көрө аласыз.
2) 0:46 секундада компьютерде депутат Сүйүн Өмүрзаков макул “каршы” добуш берсе “макул” болуп чыгып калганын айтып, оңдоп коюуну өтүндү.
3) Айдарбековду алып салуу жөнүндө чечимге 3 фракция жана 2 депутаттык топтор кол коюшту. Бирок учурдагы регламентке ылайык, анда “топтун орун басары” түшүнүгү такыр жок. Натыйжада чечимдин юридикалык күчү болгон эмес.

Регламенттин 84- 3-пунктунда мындай деп айтылат: “Депутат өзүнүн добуш берүү укугун өз алдынча ишке ашырат”, башкача айтканда, башка депутатка добуш берүү укугун берүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүнү караштырган кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койбогону үчүн төрагалыктан алынды. Ал комитеттин чечимине кол койбогонунун себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегини менен түшүндүргөн.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген