Азим Рой Өмүрбек Суваналиевди сотко берди

Азим Рой генерал Өмүрбек Суваналиевди сотко берди. Vesti.kg сайты нын журналистин кошуп. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Моралдык чыгымын 150 миллион сомго баалаганы каңкууланды. Биз бул боюнча Азим Ройго байланышууга аракет кылдык, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Өмүрбек Суваналиев болсо, сотко бергенин укканын, бирок дооматы менен тааныша электигин айтты.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жана Азим Ройдун чогуу түшкөн сүрөтүнө Өмүрбек Суваналиев Vesti.kg сайтына комментарий берген. Аны оор кылмыштар менен соттолгон адам катары баалап, бул көрүнүштүн уят экенин баса белгилеген.