Азимбек Бекназаров УКМКга суракка чакыртылды

Бүгүн, 20-октябрда белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалым болгондой, Бекназаровдун суракка чакырылышына анын видео кайрылуусу себеп болгон.

Өз кайрылуусунда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.