14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты, бирок ачыкталбайт

Быйыл сентябрь айынын башында Баткендин Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти.

Облустук милиция кызыкдар тарап катары көрүнүп каларын, тергөөнүн купуялуулугу бар экенин жүйө кылып экспертизанын жыйынтыгын ачыктаган жок.

«Учурда тергөө иштери уланып жатат. Толук кандуу тергелип бүтө элек. Шектүүлөр камакта. Иш сотко ноябрь айында өткөрүлөрү күтүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Андан кийин бул ишке шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.