Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примовдун талапкерлиги сунушталды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда.

Учурда аны шайлоого даярдык көрүлүп жатат. Добуш жабык түрдө берилет.

Белгилей кетсек, Примов Алай округунан шайланып келип, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.