Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды

Ноокен районунда милиция үчүн жаңыдан салынган 4 курулуш объектисинин ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Достук аймактык милиция бөлүмчөсү, Момбеков айыл аймагындагы милициянын аймактык пункту, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты жана РИИБдин кичи футбол аянтчасы.

Ачылыш аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай жана айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү катышты.

“Бийлик тарабынан милиция үчүн кам көрүлүп жатат, бардык жасалып жаткан иштер алардын ишмердүүлүгүндө оң натыйжа берет деп ишенемин.  Ар дайым эл кызматында ар кандай укук бузууларды болтурбай жакшы иштей беришиңерге тилектешмин”, — деди Абсаттар Сыргабаев.

Ал эми Ашим Тагаев бул имараттар заманбап талаптар менен курулуп, калкка кызмат көрсөтүүдө жана сервистик тейлөөдө кызматкерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүгүн, райондун борборунан алыс жайгашкан жердеги тургундардын көйгөйлөрү жеринде чечилерин, бул үчүн ИИМ тарабынан атайын штаттар каралып, толук кандуу ишке берилгендигин айтты. Андан сырткары ал кылмыштуулуктун алдын алууда жана болтурбоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кызматкерлер талыкпай эмгектенерин баса белгиледи.

Ошондой эле имараттарды курууга салымын кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга ыраазычылык билдирип, ИИМдин, ОИИБдин жана Ноокен РИИБи тарабынан даярдалган сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, жогорудагы имараттарды жана спорт аянтчасын куруу иштери республикалык бюджеттен, жергиликтүү айыл өкмөтү жана Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

x45d2e88c 284a 4422 8d48 7a9f0503533a.jpg.pagespeed.ic.gOV uVedUj Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
x82c7e2cd e627 405c a063 58198acbafea.jpg.pagespeed.ic.NSECM0Uzp2 Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
x514dd480 f8ac 4126 8488 543b849f660f.jpg.pagespeed.ic.lpYIksmA9i Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
x96144b82 4c90 49ef a19a b0ae06e47d0e.jpg.pagespeed.ic.12ZpPthF6 Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
2fcbba63 c4a1 4ba5 a8ee baa2eb88cb51 Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
x82ac1b75 276a 48ba 8d42 8d8d41ba6f01.jpg.pagespeed.ic.DXOf1e7Lgw Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
x7888be13 8c30 4c11 9baa 25004f4aad2d.jpg.pagespeed.ic.ejlGWGZuq9 Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды
xfdf3ea7b 3f55 4334 ba32 8ed465ee5d39.jpg.pagespeed.ic.o izm Xuch Ноокенде милициянын 3 имараты жана спорт аянтчасы ачылды