Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелүүдө

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иштер Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгон.

Учурда иш тергелип жатат.

Буга чейин бул иш боюнча Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Азиз Асаналиев кармалганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Башкы прокурор Зулушев 2022-жылдын 15-сентябрында Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Алмаз Мамбетовго карата төрт иш козголгонун айткан.

«Мамбетов Алмаз боюнча 4 кылмыш иш бар. Тергөө иштерин УКМК жүргүзгөн, азыр прокуратуранын кароосуна алынып, тергөө тобу түзүлдү. Мен жеке көзөмөлгө алам. Сизде дооматтар болсо айтып бериңиз. Алмаз Мамбетовдун күнөөсү далилденсе, ал жоопко тартылат», — деген Башкы прокурор жарандын суроосуна жооп берип жатып.

Алмаз Мамбетов 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.