Алмаз Мамбетов Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

 Тиешелүү буйрукка 6-июлда Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалымат үчүн: 

Азербайжан Республикасынын Президенти И.Г.Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Фонддун максаты – Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.

Кол коюлган келишимге ылайык, Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тоо-кен металлургия өнөр жайы сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү аркылуу каржылоону ишке ашырат.