ӨКМдин тик учагын ижарага алып колдонууга болот, – министр

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып колдонууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.

«Ал эми биздин авиакомпаниябыз толугу менен коммерциялык болуп саналат. Ошондуктан, жеке ишкер болобу, мамлекеттик же жеке компания болобу, акчасын төлөп, тик учакты өзүнүн каалаган максатына колдоно алат. Тик учакты бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт.

Тик учакты акчасы көп ишкерлер изилдөө жүргүзгөнгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Мисалы, кечээ жеке ишкер тик учакты 800 миң сом төлөп, 4 саат 16 мүнөткө өзүнүн максатына колдонду. Аталган тик учак 2 млн 730 миң еврого сатылып алынды. Аны бекер колдонуу мамлекетке келтирилген чыккынчылык деп эсептөөгө болот», — деди ал.

Ажикеев министрликтин кызматкерлери, анын ичинде министр өзү дагы жеке иштерине тик учакты колдонбой турганын белгилеп, жыл аягына чейин эки кыймылдаткычтуу дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.