Кемпир-Абад суусунун жери Өзбекстанга өтүп жатканы туурабы? Саясат талдоочулардын пикири

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишим долбоорун жактырган. Анда белгилүү болгондой, Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суусу турган 4 485 гектар жерди берип, коңшу өлкөдөн 19 699 гектар жер бизге өтүп жатканын айткан.

Bulak.kg сайты бул келишимдин туура же туура эмес кабыл алынып жатканын сурап, саясат талдоочулардын пикирин укту.    

Аида Алымбаева – саясат талдоочу: Cуу ресурсун берүү менен колубуздагы куралды жоготуп алабыз  

Кемпир-Абад суусунун жерин Өзбекстанга берүү чечими туура эмес деп эсептейм. Анткени Фергана өрөөнүндө жерди иштетүүдө суу негизги ресурс болуп эсептелет. Өрөөндүн калкынын саны келечекте дагы да өсө тургандыктан сууга болгон муктаждык чоңоет. Демек, суу сактагычты берүү менен коңшу өлкөгө чоң куралды берип жатабыз. Суу маселесиндеги керектөөлөрдү чечүү үчүн Өзбекстан менен келишип, алар менен макулдашып туруу керек болот, албетте биз өзүбүздүн позициябызды алсыратып жатабыз.

Аларга берген жерге караганда алган жерибиздин аянты чоң болгону менен суу жетпеген жер болсо кыйын болот. Баткенди эле карап көрүңүздөр конфликттин себептеринин бири суунун жетишпестиги. Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү калктын саны өсүп баратат. Ал жакта завод, фабрикалар жок болгондуктан элдин бардыгы жер иштетүү менен алек болушат, демек алардын каражат табуусундагы негизги булак болот. Суу ресурсун берип коюу менен стратегиялык жактан артыкчылыкты жоготуп алабыз.

Кемпир-Абаддын суусу биздин аймакта жайгашкан учурда биз башка эки тараптуу маселелерде сууну негизги рычаг катары кармай алмакпыз, аларга өткөрүп берсек мындай куралдан айрылып калабыз.

Эмил Жураев – саясат талдоочу: Чек араны чечүү талашсыз болот деп айтуу мүмкүн эмес

Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими боюнча мен буга чейин комментарий бербей келгем. Себеби бардыгыбыз билип тургандай маалымат өтө супсак болчу. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде ачык маалымат беребиз дегени менен, жада калса документтер да көрсөтүлбөстөн добуш берүү жүрдү. Мына ушул көрүнүш чоң суроолорду жаратып жатат.

Бирок, алдын ала эле белгилүү болгондой чек ара сызыгын тактоодо дайым сөзсүз түрдө  талаш-тартыш болот. Жеңиш 100 пайыз бизде болот же бул маселеде утулуп калабыз деп ой жүгүртүү да кыйын. Чек араны чечүүдө бардыгы оңой өтүп, талашсыз болушу мүмкүн деле эмес болчу.

19 миң гектар бизге өтүп, 5 миң гектардай жер Өзбекстанга өттү деген сөздөр тууралуу айтсак, ошол 24 миң гектардай жер качан жана кандай шартта талаштуу болуп, кантип эсептелип калды деген суроолорго жооптор жок. Айтылган 19 мин гектар жер мурдатан талаштуу болгонбу же кийин талаш жер болуп калдыбы, негизи эле ал жерлер  талаштуу болуш керек беле деген суроолорду жаратат.

Ушул ой жүгүртүүлөрдөн кийин да туура болду же туура эмес болду деп айтуу кыйын. Канткенде да делимитация маселеси орчундуу болуп турганы белгилүү. Айрым жарандар чек араны чечүүдө бир аз кое туруш керек эле деген пикирде. Бирок, биз акыркы 10-15 жылдан бери эле чек араны тезирээк чечиш керек деген ойдо жашап келе жатпайбызбы.

Бирок, ал маселени чечүүдө кандай нукта, кандай коммуникативдик стратегия менен иш алып барып жатканыбыз маанилүү эмеспи. Купуялуулук, опузалоо сөздөрү айтылып, коңшу өлкөгө карата өнөктөштүккө жатпаган, жагымсыз сөздөр да жаңырып кетүүдө. Мунун бардыгын так, жигердүү жана ынанымдуу коммуникацияда ишке ашыруу маанилүү болгону менен реалдуулук андай болбой жатат.

Тамерлан Ибраимов – саясат талдоочу: Жерди берүүдө жергиликтүү тургундардын пикири эске алынышы керек

Бул маселеде атайын адис болбогонум үчүн туура же туура эмес деп бир тараптуу айта албайм. Өзбекстан менен болгон бардык талаштуу жерлер боюнча макулдашууларды кабыл алуу бизге албетте керек маселе.

Эки тараптан тең ийилүүсүз чечилип кетүү мүмкүн эмес, кеп баада болот. Кыргызстан канча жер берсе, анын баасынан кем эмес жер алуусу керек деген суроо негизги маселе эмес. Менимче мындай алмашууну ар тараптан дыкат анализдеп, пайдасын жана зыянын эсептеп алгандан кийин гана келишимге кол коюулушу керек. 

Бул маселени чечүүдө Өзбекстанга бериле турган жерде жашаган жергиликтүү тургундардын пикири өтө маанилүү. Андан сырткары биз кайсы жерди берип кайсынысын өзүбүздө калтыра аларыбызды түшүнүүгө жардам берген жалпы стратегилык план да чоң мааниге ээ. 

Шерадил Бактыгулов – саясат талдоочу: Журналисттер менен депутаттар Кемпир-Абад боюнча туура эмес маалымат таратышты  

Документтерди карасак Кемпир-Абад жери Советтер союзу маалында эле Өзбекстанга бөлүнүп калган. Союз учурундагы эки Советтик социалисттик республикалардын чечимдери бар экен. Албетте бардыгыбыз бул Кыргызстандын демилгеси болбогонун түшүнүп жатабыз. Союз маалындагы мамлекеттик пландаштыруу комитети суу чарба комплексти кандай башкарыш керек деген маселени карап, 4 300 гектар жерди бизге Аксы жана Ала-Бука райондоруна бөлүп беришкен. Жалал-Абаддагы Кербен аэропорту ошол жерде курулуп калган. Эгер биз мурунку токтомдорду кабыл албайбыз десек, өзбектер мурун бөлүп берген жерин кайтарып алабыз деп талап кылышат.

Балким, биз Кара-Дарыябызда каналды буруп суу сактагыч куруп аларбыз. Ошол эле маалда бул татаал жана назик маселе болгондуктан кагаздарды так карап чечилүүсү абзел.

Мен Жогорку Кеңеште өткөн чек ара боюнча жабык жыйынга да катыштым. Анда журналисттер жана айрым депутаттар туура эмес түшүнүп алыштыбы же өздөрүнүн оюндарын ойной баштадыбы, туура эмес маалыматтарды таратышты.

Ал отурумдун күн тартибинде Министрлер кабинетинин маалыматын угуу жана ачык талкуулоо деп жазылып турган. Бирок келишимдин долбоору алып келинди дегендин ордуна мыйзам долбоору алып келингенин жазып коомчулукка туура эмес маалымат таратышты.

Кемпир-Абад маселесин чечүүдө эмоциялардан алыс болуп, документтердин негизинде иш алып барыш керек. Азыр карыялар да ал жер Кыргызстандыкы деп айтып жатышат. Бирок, союз учурунда карталар такталып жаткан кезде Өзбекстандын жери деп эсептелип калган экен. Союз маалында биз Орто Азия экономикалык алкагында болуп, Кыргызстан жана Өзбекстан деп өзүнчө караган эмес. Азыр Союз жок болгондуктан такталбаган жерлер бар, келишим болгону менен мыйзам катары бекиген эмес.