120 миң сом акчасын уурдаткан карыя ооруп жатат

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуя каттоого алынган, бирок жабырлануучу тарап милицияга арыз менен кайрылган эмес.

«Учурда кылмышкерлерди издөө иштери уланууда. Азырынча кошумча маалымат жок. Жабырлануучулар байланышка барбай жатат. Карыя 79 жашта экен. Баласы чалып, атасы ооруп жатканын айтыптыр», — деп билдиришти милициядан.