Кыргызстан ЖККУнун машыгууларын өткөрбөйт

«2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагында өткөрүү мерчемделген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн «Бузулбас достук – 2022» командалык-штабдык машыгууларын өткөрбөө чечими кабыл алынды». Бул тууарлуу Коргоо министрлиги таркаткан маалыматта жазылган.

Маалыматка ылайык, машыгуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин болушу керек болчу.

Белгилей кетсек, 1992-жылы түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Орусия кирет.