Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы бөлүм ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет.

Акылбек Жапаров президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан Кувейт мамлекетине жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине жаңы имараттын курулушу үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Өткөн жылы бул жерге капсула салынып, бүгүнкү күндө заманбап жабдуулар менен жабдылган, эл аралык стандарттарга жооп берген офтальмология жана отоларингология бөлүмдөрүн ачып жатабыз.  Кичинекей бейтаптарды дарылоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

Биз заманбап медициналык технологияларды, жаңы ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматты өнүктүрүүгө жана муктаж болгон ар бир балага анын өмүрү үчүн болгон күрөштө колдон келген жардамды көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Балдар — биздин бактыбыз, кубанычыбыз жана келечегибиз, алардын ден соолугуна кам көрүү улуу муундун милдети. Өлкөбүздүн эң негизги байлыгы – эл. Элибиздин жаркын келечеги дал ушул жаш муундардан көз каранды. Андыктан дени сак жаш муундун өсүп жетилиши мамлекет үчүн абдан маанилүү», — деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин “Ас-Сафа борбору”  коомдук бирикмеси тарабынан Улуттук борбордо диагностикалык клиника, кан оорулары жана трансплантация бөлүмү, балдар онкологиясы жана гематология бөлүмү курулган.