“Бул жолу “Манас” айтууда мага дагы бир сыр ачылды”: Рыспай Исаков кыргыз элине кайрылуу жасады

Талкууга алынган манасчы Рыспай Исаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

“Кымбаттуу достор! Ошентип, капилет ызы-чуу жараткан Гиннеске Манас айтуубуз соңуна чыгып, 5 күндүк зор сыноону өтүп, рекорд жаңырды. Ага сүйүнүүгө убакыт бербей, кеби кейиштен, сөзү сөгүштөн бүткөн катмарга да кабылдык. Алардын бир чындыгы мени кубандырды. Ал – элдин Манаска эч качан кайдигер карабай, ага карата кымындай да чаң жугузгусу келбегендиги. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ар дайым ушундай бололу. Бирок экинчи бир нерсе көпчүлүктүн сабырсыз жана тамырсыз аракетте боло тургандыгын туюнтту.

1. Чуу жараткан тасма кандай максатта таратылды?

2. Эмне үчүн узак мөөнөткө айтып аткан Манаста жакшы жерлер жок?

3. Манасчыны мурда угуп көрдүк беле? Башынан эле ушинтип айтат беле?

4. Манасчы Манастын касиетин билбейби? Түшүнбөйбү?

5. Эмне үчүн ушул убакка чейин өзү жооп бербейт?

6. Ур-тепки кылган тааныштар, улукмандар, дааныштар манасчы менен жеке байланышка чыгып, бир ооз окуянын төркүнүн тактадыбы? 

7. Гиннес ага керек беле? Гиннести Манас касиетинен өйдө коёбу?

8. Ал айткан Манастын бир окуясын толук укпай туруп жыйынтык чыгарууга болобу?

9. Анда барган 7 манасчынын биринде да касиет жокпу? Алар эмне деди? Жок дегенде ошолор менен байланыштыкпы?

Мен көпчүлүктү ушул суроолордун тегерегинде дагы бир жолу ой жүгүртүүгө чакырамын. Ал эми өзүм эң негизги бир маселени айтайын.
Бул жолку Манас айтууда мага дагы бир сыр ачылды. Мындай нерсени эзели эл алдында айткан эмесмин. Жада калса, түшүмдү айткым келчү эмес. Аргасыздык болмоюнча. Азыр да ошондой зарылдыктан улам айтып атам. Манас дүйнөсү мага жаңы бир эшигин ачты! Бул мен үчүн эң зор табылга. Жерге тебелеген жеменин баары биригип келип, анын алдында кыпындай да болбойт. Мен жеткен бул бийиктик, балким, жалпы элге жарыгын чачкан жакшылык болмок. Сыягы, кыргыз касиетинин өзүнө кастык кылган күч аябай бакубат окшойт. Аны ушул окуядан эки жолу байкадым. Кандай кызык нерсеге дуушар болгондугумду ошол Манас айтуубуздун тасмасын жарыялап атып баяндап берейин.
Көпчүлүктү түйшөлткөн тасманын да сырын, жообун ачабыз. Ал жакта да сиздер күтпөгөн жагдайлар бар. Баарына сабыр тилейм” – , деген Рыспай Исаков.

Эске сала кетсек, 2022-жылы Түркиянын Бурса шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган. Аталган шаарда 21-сентябрда башталган “Манас жумалыгы” 28-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан, Казакстан, Түркиядан 14 манасчы катышты. Анда манасчы Рыспай Исаков 5 күн Манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирди. Бирок, социалдык тармакка анын Манас айтып жаткан видеосу тарап, коомчулукта ар-түрдүү кептерге жем таштап, Рыспай Исаковдун дарегине сын-пикирлер жааган.