Кыргыз балбандары “алыш” күрөшү боюнча мелдеште 9 медаль жеңишти

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө “алыш” бел боо күрөшү боюнча беттештер өттү.

Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы “алыш” бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңип алды.

Ошондой эле 100 кг салмак даражада Орозбек Аширов, 100 кг жогоркулар арасында Муктарбек Калыбек уулу, ал эми кыздар арасында 75 кг салмак даражада Адина Нурматова 3-орунду ээлешти.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Кыргыз балбандары "алыш" күрөшү боюнча мелдеште 9 медаль жеңишти
Кыргыз балбандары "алыш" күрөшү боюнча мелдеште 9 медаль жеңишти
Кыргыз балбандары "алыш" күрөшү боюнча мелдеште 9 медаль жеңишти