Жээнбек Кулубаев ШКУ башкы катчысы Чжан Мин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик чек арасында катталган кырдаалды талкуулашты. Эл аралык уюмдун жетекчилигине учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтар жеткирилди. Аны менен бирге, кыргыз тарап деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

ШКУнун баш катчысы каза болгон аскерлердин, жабыркагандардын жана жай тургундардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, эки өлкө ортосунда орун алган окуяга тынчсыздануусун белгилеп, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.