Сокулукта Баткенге гуманитардык жардам чогултулууда

Чүй облусунда, анын ичинде Сокулук районунда Баткен обулсуна гуманитардык жардам чогултулууда. Сокулук райондук администрациясынын акиминин коомдук кеңешчиси Мирбек Маниясов чогултулуп жаткан жардам тууралуу айтып, жардам берип жаткан район тургундарына ыраазычылык билдирди.

Ошол эле учурда Маниясов башка тургундарды да жардам көрсөтүүгө чакырды. Ал чогултулган жардам коромжу болбой Баткенге жеткириле турганын убада кылды.

«Баткенде болгон кырдаалга байланыштуу Сокулук райондук администрациясында гуманитардык жардам чогултулууда. Сокулук районунун бардык жашоочуларына жардам берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирип кетем. Баткен жергебизге тынчтык каалайм, жаман апааттар болбосун», — деди ал.

Белгилей кетсек, чогултулган жардам Кара-Балта шаарына жөнөтүлүп, облустун башка район-шаарларынан чогулган гуманитардык жардамдар менен бирге республикалык штабдын жардамы менен Баткенге жеткирилет. Каалоочулар жардамдарын Сокулук райондук администрациясынын имаратына 17-сентябрь саат 22:00гө чейин алып келишсе болот.