Алтоо бир үй-бүлөдөн: Чек арада жаракат алгандардын абалы айтылды

Учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткендеги куралдуу кол салууда жабыркаган 8 жаран жатат. Бул тууралуу аталган борбордун директору Гүлзат Маймерова билдирди.

Операция болгон балдарга октон жана октун чачырандыларынан жараат алуу деген диагноз коюлган.

«Төрт бала менен эки чоң киши бир үй-бүлө мүчөлөрү. Ал эми эң кичине пациент 9 айлык наристе. Ал жеңил жаракат алган, амбулатордук дарыланууда. 5 балага операция жасалып, абалдары канааттандырарлык. Бөбөктөр коркуп калгандыктан психологдор иш алып барууда » — деп билдирди ал.