Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тиешелүү буйрукка
кечээ, 16-сентябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кол
койгон.
Өзгөчө кырдаал режими кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу, ошондой
эле тынчтыкты орнотуу, кагылышуу орун алып жаткан жердеги жарандардын
коопсуздугун камсыздоо, калкты эвакуациялоо, адам өлүмүн алдын алуу жана тиешелүү
күчтөрдү мобилизациялоо максатында киргизилген.