Чоң-Алай районунун беш айылы эвакуацияланды

Кыргызстандын Чек ара кыматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Учурда Ош облусунун Чоң-алай районунун беш айылы эвакуацияланды.

Жардамга элдик кошуундар келген.

Маалым болгондой саат 11:30да кыргызстандык чек арачылар тажик тараптын Достук айылын минометтук аткылоосун баскан. Тажик тарап аткылоону саат 11:15те баштаганы кабарланган.

Андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы  ИИМдин Ички аскерлеринин түзүмдөрүн жана позицияларын аткылоого алган. Азыркы тапта ок атышуу токтоп, окуянын чоо-жайы иликтене баштаган.