Ысык-Көл облусунун мамлекеттик кызматкерлери 1 күндүк маяналарын Баткен элине которот

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик кызматкерлери 1 күндүк маяналарын Баткен элине которот. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Баткен облусундагы кырдаал боюнча түзүлгөн штабдын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Ага облустагы мамлекеттик кызматтардын жетекчилери кирген.

Жыйында Баткен элине гуманитардык жардам жөнөтүү маселеси талкууланып, облустун аймагында ачылган гуманитардык жардам чогултуучу пункттар боюнча маалымат берилди. Ошондой эле облустагы мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын Баткен элине котормой болушту.

Учурда облус боюнча гуманитардык жардам чогултуучу 69 пункт ачылып, азык-түлүктөр топтолууда.