ӨКМ кызматкери чек арада мыкаачылык менен каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болду. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ал кызмат учурунда каза тапкан.

«Кайгылуу окуя болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматынан бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жатканда ок атышууга аралашып кетип, ошол жерде каза тапкан. Ал мыкаачылык менен каза болгон. Ага карабастан кызматкерлер өз милдеттерин аткарып жатышат», — деди ал.