Чоң-Алай районундагы атышуу токтоду

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы атышуу токтоду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чоң-Алайдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали ортосунда сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоосун токтоткон.

Кыргыз Чек ара кызматы чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.