Тажик тарап кандай курал колдонууда?, – сүрөт

Бүгүн Тажикстандын аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районун аткылап, кийинчерээк аткылоосун токтотту.

Атайын түзүлгөн штабдан билдиришкендей алардын куралдары оор техника менен коштолот. Алар минометтор, танктар, гаубица, БМП,Топтук куралдар жана көп учуучу реактивдүү системалар.

WhatsApp Image 2022 09 17 at 14.41.27 Тажик тарап кандай курал колдонууда?, - сүрөт

«Ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, тажик тарап саат 12:37де миномет жана артилериялык куралдар менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылай баштады. Кыргызстанык чек арачылар жооп иретинде ок чыгарды. Бирок кырдаалдын мындан ары курчуп кетпеши үчүн кыргыз аскер кызматкерлери биринчи болуп бир тараптуу ок атууну токтотту», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тарапта эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүү жүргүзөрү күтүлүүдө.