Аскерлерге ардагерлер снайпердик курал белек кылышты

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ардагерлери Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине снайпердик курал белек кылышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстан менен чек арада кагылышуу коркунучу толук жоюла элек.  Ошондуктан, Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун ардагерлери 16 000 сом чогултуп, атайын комплект сатып алышты. Ал түнкү көрүүчү аппарат, тепловизор.