Манас районунда ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жаран аныкталды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалыматта, кылмыш иликтөө бөлүмүнө мыйзамсыз аракеттер боюнча ыкчам маалыматтар байма-бай түшүп тураары айтылат. Иликтөөнүн негизинде алар текшерилип, мыйзамдуу чаралар көрүлөт. “Алынган маалыматтардын негизинде 2023-жылдын 16-март күнү Манас районунун Бала-Саруу айылынын тургуну 1963-жылы туулган О. С. үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда анын үйүнүн короосунда жайгашкан сарайынын ичинен мыйзамсыз сакталып жүргөн 16-калибрдеги “ИЖ-18м”, 12-калибрдеги ТОЗ-8 курал-жарактар табылып алынган. Мындан тышкары, 12-16-мм бош гильзалар, 5,45-мм 3 даана ок, 7,62-мм 7 даана ок, 12-16-мм 17 даана ок жана белгисиз курал-жарактын магазини табылып алынган. Иликтөө учурунда ок атуучу куралдарды көп жылдан бери сактап жүргөндүгү, өз алдынча мергенчиликке чыгып аларды колдонуп жүргөндүгү аныкталган. Аталган факты Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тиешелүү экпертизалар дайындалды. Бүгүнкү күндө жогорудагы жаран тергөөгө камсыздалып, тергөө жана иликтөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

WhatsApp Image 2023 03 17 at 12.19.32 Манас районунда ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жаран аныкталды