“Радуга +” пансионатынын пирсиндеги мыйзамсыз сауна бузулду, – видео

Ысык-Көлдөгү “Радуга +” пансионатынын пирсиндеги салынган мыйзамсыз сауна алынды. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “Радуга +” пансионатынын аймагы боюнча пландаштырылбаган текшерүү учурунда, атап айтканда, пирстин аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын “Кылмыштар жөнүндө” кодексинин 3-пунктунун 144-беренеси бузуп, саунанын мыйзамсыз курулушу ачылып берилген.