“Баткакта ойногон окуучулар”: Спорт залы жок мектеп талкууда, – видео

Токтогул районунун Ак-Жар айылындагы Союзбек Чекиров орто мектебинин окуучулары ылайда берилүү менен топ ойноп жатканын видеодо социалдык тармактарга тарады. Бул балдардын топко болгон кызыгуусу күч экени көрүнүп турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, спорт зал маселеси 10 жылдан бери чечилбей келет. Алар бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке, Жогорку Кеңештин депутаттарына бир нече жолу кайрылганы менен майнап чыга элек.