Кайгуул кызматынын сунушу менен алты суу түтүктөрүнүн капкактары жабылды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул да жүргөн учурда Кудайберген базарындагы Патриса Лумумбы көчөсүндөгү аялдамада жер астында өткөн суу түтүктөрүнүн капкактары жок болуп, коопту абал болуп турганын көрүшкөн.

Анткени аялдамада маршурттук унаадан түшкөн жүргүнчүлөр жана жакын жайгашкан мектеп окуучуларынын түшүп кетүү коркунучу бар экендигин көрүшкөн.

Эртеси күнү кайгуул кызматкерлери Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү муниципалдык кызматтарына кемчиликтерди орундатуу боюнча сунуштама беришип, ошонун алкагында ачык турган 6 кудук капкактарын жаптырышкан.