Чүйдө айыл чарбасындагы жерди сатып, качып жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы жаран кармылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой сентябрь айынын башында Аламүдүн райондук милициясына 40 жаштагы П.Б. аттуу жаран кайрылып, июль айында Б.Х. аттуу жаран «үй салууга болот»  деп ишендирип айыл чарба багытындагы жерди сатканын билдирген.

Бул факт Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө бул ишке шектүү катары 37 жаштагы Б.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.