Өзүнүн ресторанын текшерүүгө алган Оштун вице-мэри сынга кабылды

Ош шаарында соода объектилеринин ишмердүүлүгүндө контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) болушун жана иштешин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, ишкерлерге аппараттарды орнотуу жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейдде вице-мэрдин “Изюм” рестораны да текшерилген. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Карыбеков, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери катышкан.

«Рейддин алкагында Ленин жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн боюндагы 20дан ашык жай текшерилип, анын биринде салык органдарында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыкты.

Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлдү. Мындай иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда үзгүлтүксүз уланат. Жалпысынан Ош шаары боюнча ушул жылдын 1-сентябрына карата 10282 контролдук-кассалык машина катталса, анын 9255и программалык, 1027си аппараттык»,-деп жазылат маалыматта.

Ал эми социалдык тармактарда вице-мэр өзүнүн ресторанын текшерген көрүнүштү сындап жатышат.