Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү болгон автобустарга айып салынды

Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү эки автобуска айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин эки автобуска карата протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды.

Алар жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн үстүнө токтоп алышкан.