Асыл тукум жылкыларынын санын көбөйтсөк, – Нурбек Алимбеков

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү.

Комитетте жалпысынан алты маселе каралды. Анда депутат Нурбек алимбеков асыл тукум жылкыларынын санын көбөйтсөк, аны кайра сатсак, жакшы натыйжа болмок деген пикирин билдирди.

“Аталган маселелер боюнча финансы министрлигинин жана Айыл чарба министринин баяндамасын уктук. Өз кезегимде Айыл- чарба министри Аскарбек Жаныбековго асыл тукум жылкыларды кармаган чарбалар боюнча суроомду узаттым.

Кыргыз элинде ат оюндары эң көп ойнолгон улуттук оюн болуп эсептелинет. Ошол себептен бүгүнкү күндө жылкылардын асыл тукумдуулугун өстүрүшүбүз керек. Учурда ар бир чарба мамлекеттик колдоосу жок эле өз алдынча аракетин жасоодо.

Асыл тукум жылкыларынын санын көбөйтсөк, абдан жакшы болот деген ойдомун. Себеби, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан өлкөлөрүнө чейин биздин жылкылар кымбат баада сатылып алынууда. Асыл тукумун аныктап, тиешелүу документтери болгон жылкылар андан да жакшы баада сатылмак”, – деди депутат.