ИИМ: Ош шаарында бангизаттарды саткан эки жаран кармалды


2022-жылдын 18-август күнү Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “М” аттуу атуул ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бардыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.


Ош шаарындагы мейманканаларынын биринин алдында 1982-ж.т., Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-ж.т. Өзбекстан Республикасынын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга өздүк тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңгизаты табылып алынган.


Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгүндөгү – Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 09 12 at 13.47.52 1 ИИМ: Ош шаарында бангизаттарды саткан эки жаран кармалды
WhatsApp Image 2022 09 12 at 13.47.52 ИИМ: Ош шаарында бангизаттарды саткан эки жаран кармалды
WhatsApp Image 2022 09 12 at 13.47.52 2 ИИМ: Ош шаарында бангизаттарды саткан эки жаран кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы