Улан Ниязбеков Нарын облусунун Кочкор районунда эл менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөрүлүп жаткан бийлик өкүлдөрүнүн кезектеги эл менен жолугушуусу Нарын облусунда башталды.

Элдин көйгөйүн жакындан угуп, меселелерин жеринен чечип берүү максатында Нарын облусунун Кочкор районуна Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков келишкен.

Кочкор районунун эли социалдык-экономикалык, айыл-чарба жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча суроолорун беришти. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер тилкелерин трансформациялоо, чечилбеген мыйзамсыз жерлер, жол көйгөйү, жергиликтүү прокурорлордун чечимдерине байланыштуу. Элдин бийликке болгон бардык сунуш-пикирлери кабыл алынып, жеринде маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулар дагы болуп, жергиликтүү тургун жер-жерлерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ар бир айылга бирден милициянын аймактык тескөөчүсүн коюп берүү сунушун айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.

WhatsApp Image 2022 09 12 at 10.28.08 2 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Кочкор районунда эл менен жолугушту

Белгилей кетсек, жолугушуу учурунда жарандардан келип түшкөн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан ар бир кайрылуу, арыз-даттануу кайрадан текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлөт. Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен кошо келишкен ИИМдин кызматтарынын жетекчилери жарандардан жеке өздөрү арыз-даттанууларды кабыл алышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 09 12 at 10.28.08 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Кочкор районунда эл менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 12 at 10.28.07 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Кочкор районунда эл менен жолугушту