Адылбек Бийбосунов Ош шаарынын жашоочулары жашоочулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов 9-сентябрда Ош шаарынын жашоочулары жашоочулары менен жолугушту. Алдын ала түзүлгөн жумуш графигине ылайык, бул жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелери боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат. Жолугушуулардын алкагында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош шаарынын жашоочулары менен 9-сентябрда саат 15.00 дө Ош шаарындагы С.Ибрагимов атындагы драма театрында Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушту.


Ош шаарынын жашоочуларынын көйгөйлүү маселелерин, сунуштарын угуу үчүн бул иш-чарага Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты Фаркат Исмаилов, Ош шаарынын вице-мэри мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти. Негизги суроолор жарандардын турмуш-шартына, Ош шаарынын күнүмдүк жана көп убакыттан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери тууралуу болду. Жолугушууга келген жарандар турак-жай кооперативдеринен берген акчаны кайтаруу, батир берүүдө жеӊилдиктерди кароо, сот органдарына кайрылуу, мыйзамсыз курулуштар, жол, суу маселелери, жаӊы мектепке болгон муктаждыктар, социалдык жактан жардам суроо, Ош окуясында дайынсыз жоголгондорду издөө сыяктуу өтүнүч-суроолор болду.

Ал эми жарандар тарабынан берилген ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорго ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жооп берип, тез арада мыйзам чегиндеги иш-чаралар көрүлө тургандыгын айтып, жергиликтүү укук коргоо органдарына аткаруу үчүн тапшырма берди. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендиктерин айтып, бүгүнкү жолугушууда айрым суроо берүүгө үлгүрбөй калган жарандарды кат жүзүндө кайрылууга чакырды. Адылбек Бийбосунов аларды кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди. Жыйындын айрым катышуучулары элден кабар алуу үчүн жеринде келип, көйгөйлүү маселелери тууралуу угуу жана чечип берүү үчүн келгендиктери үчүн ыраазычылыктарын дагы билдиришти.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жолугушууда көтөрүлгөн айрым маселелер боюнча жарандар тарабынан арыз жазуу зарылчылыгы болуп калышы мүмкүндүгүн эске алып, жыйын өткөн драма театрынын алдына милициянын кошумча көчмө кабылдамасы уюштурулган.

ИИМдин Басма сөз кызматы