Улуттук гвардиянын жоокерлери кызды зордуктады деп шектелүүдө

Бишкекте Улуттук гвардиянын жоокерлери кызды зордуктады деп шектелүүдө. Маалыматтарга караганда, зомбулукка кабылган адам арыз менен милицияга кайрылган.

Бул маалыматты борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйналган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Кошумчалангандай, факт Биринчи май РИИБнин каттоо журналына катоого алынган.