14 жаштагы Бекжан Нурланбеков изделүүдө

Чүй районунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Бекжан Нурланбеков изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, өспүрүм 7-сентябрда болжол менен саат 23:00дө Садовое айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175 см, салмагы 65 кг, арык чырай, чачы кыска жана кара, көзү күрөң. Кийими: боз футболка, кара спорттук кийим жана боз спорттук бут кийим.

“Бекжан Нурланбековдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 03138 5-82-89, 0701 155 315, 0700 13 11 61, 0552 99 20 25 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, — деп айтылат маалыматта.