Элчилик кызматта турганда президенттен баштап, өкмөт башчыга баш аягы 20 кат жөнөттүм. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер, мурдагы элчи Азимбек Бекназаров билдирди.
«Президент футбол ойногонду жакшы көрөт эмеспи, футболдогу эсеп менен алып карасак 20:0. Мен 20 сунуш бердим, алар мага бир дагы тапшырма берген жок. 20:0 менин пайдама»,-деди ал.
Эске салсак, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 5-августта кызматынан бошотулган. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялаган. Бекназаров эки күн мурун бийликтин Кумтөр боюнча чечимин кескин сындап чыккан эле.