Суусамыр өрөөнүнөн балдары менен Бишкекке качып келген келин күйөөсүнө арыз жазат

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө күйөөсү ур-токмокко алган 42 жаштагы Назгүл эки кичинекей баласы менен Бишкекке качып келди. Бул тууралуу жабырлануучу жергиликтүү ЖМКларга өзү билдирди.

Анын айтымында, жолдошу менен 12 жылдан бери түтүн булатып, үч эркек баланы тарбиялап келишет. Эң улуу баласы быйыл 2-класста окуйт. Кичүү балдары бала бакча курагында.

“Буга чейин деле кол көтөрүп келген, оңолот деген ой менен балдарым үчүн кайра жарашканбыз. Бирок, сабаганы токтогон жок. Бул жолу “качып кетем десең, сени бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүмдү өлтүрөм” деп кармап алып, катуу сабады. Бизди арачалаган кайын ата менен кайын энеме дагы кол көтөрдү. Эки кичинекей баламды алып, Бишкекке качып келдим. Улуу балам мектепке баргандыктан, ал чоң ата, чоң энеси менен калды”, — деди Назгүл.

Ошондой эле, ал учурда Бишкекте таежесинин үйүндө экенин, өмүрү үчүн кооптонуп жатканын айтты.

“Эки кичинекей балам ооруп жатат, балдарымды карап, таежемдин үйүндөмүн.  Ал эми улуу балам менен байланышсам, ал мектепке бара элек экен. Аны алып келүүнү дагы ойлонуп жатам. Бирок, кайра барсам, мени өлтүрүп коет деп коркуп жатам”, — деди ал.