Лебединовка айылынын Калинин көчөсүндө жол кырсыгы болду

Чүйдүн Лебединовка айылынын Калинин көчөсүндө жол кырсыгы болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 4-сентябрда болжол менен саат 20:20да болгон. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, унаалардын бири катуу ылдамдыкта келе жаткан.

Жабыркагандар жок.