Бишкектин түштүгүндө жерлер мыйзамсыз берилген

Архитектура жана шаар куруу тармагында коррупцияга шектелип Мамлекеттик долбоордук институттун мурдагы директору А.Ж. жана «Бишкек башкы архитектура» мекемесинин бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Ч.М. уулу кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, А.Ж. айрым компаниялардын (адамдардын) кызыкчылыгында шаарда мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча коррупциялык схема түзгөн. Үйлөр мыйзамсыз курулган жер тилкелердин ичинде Бишкектин түштүгүндөгү көрктөндүрүү жана социалдык объект, сейил бактарды салуу үчүн каралган жерлер бар. Ал шаар куруу боюнча документтерге жалган маалыматтарды киргизип, тиешелүү документтерди жеке курулуш компанияларына, жеке адамдарга берип турган. Бул ишке «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери да тартылган.

Мунун айынан Бишкектин башкы планына жана борбор калаанын түштүк аймагынын деталдуу пландоо долбооруна олуттуу өзгөртүүлөр кирген.

«Жыйынтыгында мамлекетке жана коомчулукка ири зыян алып келинген. Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы инфраструктура (анын ичинде социалдык, экологиялык жана транспорттук) начарлаган, мектеп, бала бакча, медициналык мекеме жана башка объекттер азайган», — деп айылат маалыматта.