Кыргызстанда кыздарды “сүннөткө отургузууга” тыюу салынган

Кыргызстанда кыздарды “сүннөткө отургузууга” тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындай операцияларга жол берилбеши керек, анткени алар кыз-келиндерди майып кылып коет. Ошондой эле, бул кыздардын укуктарын бузуп жатат.

Анын кесепеттери инфекциялар, сепсис, сийдик чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыздын азуусу, кисталар, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы, ал өз учурунда аялдын өлүм коркунучун жогорулатат, – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Буга чейин саясатчы Феликс Кулов өзүнүн баракчасында республикада аялдарды сүннөткө отургузуу учуру болгондугу тууралуу айттып, тиешелүү мекемелерди чара көрүүнү суранган.