Тынар Курбаналиев: Концертте «мага жогору жактан буйрук болгон» деп сахнанын жарыгын бербей жаман кыйнады

Алай жергесине концерт менен барсак, «мага жогору жактан буйрук болгон» деп сахнанын жарыгын бербей жаман кыйнады. Бул тууралуу куудул Тынар Курбаналиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Алай районунун жетекчилери, бизди сыйлабасанар дагы элди сыйлап коюнуздар, ушуну менен экинчи жолу ушундай бут тосуу болуп жатат уят»,— деп жазды ал.

-Концертке баргандар ызы-чуу кылган соң жарык берилип, концерт үзгүлтүккө учурабаганын айтты. «Балким, биздин сатираларыбыз бийликтегилерге жакпай жаткандыр»,- деди ал.